КАРАОКЕ – Ыйык Рух, түшчү бизге
Дата: 11-12-2018 • Просмотров: 420
Ыйык Рух түшчү бизге,
Биз турган жер касиетиңе толсун!
Өз элиң менен бирге,
Кудайым Сен болгуң келет.
Күтөбүз Өзүңдү, сүйөбүз Сөзүңдү,
Суусаган дилибизди кандыр Кудай!
Менин сүйүү ырым,
Сага булак болуп агылсын.
Мен каалаймын Теңирим:
Өмүрүм Сага арналсын!
Ушул курмандыгым Өзүң кабыл алгын,
Ырымды арнап, таазим кылам Сага.
Оо Теңир, келчи бизге,
Жер жүзү бүт ыйык демиңе толсун!
Өз Уулуңдун атынан,
Батаңды Сен бергиң келет.
Кучагыңды ачып, ырыскыңды чачып,
Чаңкаган жергебизди гүлдөт Кудай!
Ыйык Дем капта бизди,
Дүйнөбүз кубанычыңа толсун!
Нөшөрлөтүп Сен бизге,
Мээримиңди төккүң келет,
Сагынып Өзүңдү, самайбыз Сөзүңдү,
Сен биздин дүйнөбүздү өзгөрт Кудай!
Сагынып Өзүңдү, самайбыз Сөзүңдү,
Сен биздин дүйнөбүздү өзгөрт Кудай!
Ссылки и коды
Прямая ссылка:
Для форумов и блогов:
HTML-код: